Борбордук Азияда электр энергиясын сатуу үчүн бирдиктүү аянтча түзүү пландаштырылууда, ал аймактын энергетикалык системасын тең салмактоого жардам берет. Өзбекстан Дүйнөлүк банк менен биргеликте коңшу өлкөлөрдүн гидроэнергетикалык ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берүүчү долбоордун үстүндө иштеп жатат.
Кыргызстан Борбордук жана Түштүк Азияны Түштүк Азия менен байланыштырган CASA-1000 долбоорунун алкагында энергетикалык инфраструктуралык объектилердин курулушун аяктады. Долбоор төрт өлкөнү камтыйт жана Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоону көздөйт, бул жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ички рынокту турукташтырат. Ошондой эле социалдык объектилер курулуп, калктуу конуштардагы электр линиялары боюнча тармактар жаңыртылды.
Кыргызстан Ооганстанга 120 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Жүк өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин жетекчилиги астында уюштурулуп, 28-сентябрда жеткирилген. Президент Садыр Жапаров буга чейин эл аралык коомчулукту ооган элин колдоого чакырган.
Бишкекте Кыргызстандын премьер-министри Акылбек Жапаров менен Ооганстандын убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Аминдин жолугушуусу болду. Эки тараптуу кызматташуунун багыттары, анын ичинде соода, транспорт, энергетика жана кендерди биргелешип иштетүү маселелери талкууланды.
Бишкек климаттын өзгөрүсүнө арналган эки күндүк аймактык конференция башталды. Жаштар жана балдар Кыргызстан, Казахстан, Узбекистан, Туркменистан, Таджикстан жана Афганистандан келишти. Конференцияда климаттык каржылоо, гендердик тендик, жана жаштардын климаттык саясатка катышуу боюнча маселелер талкууланат. Ушул талкуулардын жыйынтыгы Бакуда өтө турган дүйнөлүк конференцияда сунушталат.
2023-жылдын июнь айында Афганистан Кыргызстанга 763 мин литр газдалган ичимдиктерди экспорттоду. Жалпысынан январь-июнь айларында 2,1 миллион литр газдалган ичимдик жонотулгон. Бул жерде 1 миллион доллар экспорттолгон. Өткон жылдын ушул мезгилинде Афганистан 186 мин литр газдалган суу экспорттогон. Ошондой эле, Ош шаарындагы дукондордон афган гранат суусу массалык турдо алып салынды, андан кийин Баткен жаны Раззаков шаарларында да текшеру жургузулду.
Бүгүн, 9-августта, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Казакстанга жумушчу сапар менен барып, Тажикстандын энергетика жана суу чарба министри Далер Шофакир Жума менен жолугушту. Эки министр "CASA-1000" долбоорун талкуулашты, ал Борбордук Азиянын энергетикалык системасын Түштүк Азия менен байланыштырууга багытталган. Долбоор 2024-жылдын аягында ишке киргизилүү пландалган. Кыргызстанда азыркы учурда ВЛ-500 кВ узундугу 456 км болгон линиянын курулушу жүрүүдө. Тажикстан жана Кыргызстан министрлери аткарылган иштерди тестирлөө боюнча иш-чараларды уюштуруу пландарын түзүштү.
В первом полугодии 2024 года 518 этнических кыргызов получили статус кайрылмана, что дает им право на пособия, медпомощь и землю в Кыргызстане. С начала независимости статус получили более 70 тысяч человек.
Ушел из жизни ветеран органов национальной безопасности Олег Сторчевой, служивший в Афганистане и внесший значительный вклад в безопасность Кыргызстана. Соболезнования родным и близким.
Китайская компания возобновила проект по добыче меди в Афганистане, начав строительство подъездной дороги к месторождению Мес-Айнак. Ожидается, что первая медь будет добыта через два года.