Жогорку Кеңештин комитети сугат жерлерин башка категорияларга которууга мораторийди өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Максаты - сугат жерлеринин аянтын көбөйтүү жана ирригациялык тармактарды жакшыртуу, ошондой эле кыргыз жылкысынын уникалдуу породасын сактап калуу.
Жогорку Кеңеш суу ресурстарын башкаруу боюнча мыйзамдарды бириктирген Суу кодексинин долбоорун жактырды. Депутаттар сууну пайдаланууну көзөмөлдөө, көлдөрдү коргоо жана мамлекеттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле биологиялык коопсуздук жана Жер кодекси боюнча долбоорлор каралды.
Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин төрага орун басарлары Тиранада өткөн жыйынга катышып, тамак-аш системасы жана парламенттердин ролун талкуулашты. Кыргызстан өзүнүн уникалдуу жаратылыш шарты менен экологиялык жактан таза продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар өлкө катары көрсөтүлдү.
2024-жылдын 17-октябрында Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын контролдук, бюджеттик жана агрардык комиссияларынын отурумдары болуп өттү. Бюджет, экологиялык агартуу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери талкууланып, маанилүү токтомдор жана мыйзам долбоорлору кабыл алынды.
Жогорку Кеңештин депутаттары Чүй облусунда көчмө жыйын өткөрүп, мекеме-ишканалардын иши жана токой чарбасынын абалы менен таанышты. Азык-түлүк коопсуздугу, кант кызылчасынын баасы жана дан сатуудагы көйгөйлөр талкууланды. Токой аянттарын кебейтууге, ишканаларда эмгек шарттарын жакшыртууга зор кецул бурулууда.
Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстандын 2023-жылга бюджети боюнча отчетту талкуулап, 13,6% профицитти белгиледи. Депутаттар каражаттын максаттуу пайдаланылышы, азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба тармагынын ички карызы боюнча суроолорду беришти.
Жогорку Кенештин президентин сунушу менен Медер Машиевдин министирликке дайындалуусу талкууланды. Экологиянын орун басары, лицензия берүжана тоо-кен тармактары маселеси көтөрүлдү.