
Кыргызстанда жашылча үрөндөрүн өндүрүүчү борбор ачылды
Сокулук районунда Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында жашылча үрөндөрүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борбору ачылды. Бул борбор Кореянын колдоосу менен эл аралык долбоордун алкагында түзүлүп, үрөн сапатын жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.








