Депутат Жамин Акималиев Кыргызстандын президентинин Нью-Йорктогу Келечектеги саммитте сүйлөгөн сөзүн жогору баалап, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү сыяктуу көтөрүлгөн маселелердин актуалдуулугун баса белгиледи. Ал экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, анын ичинде суу жана жер ресурстарын сактоо үчүн эл аралык жардамдын зарылдыгын, ошондой эле ирригациянын заманбап ыкмаларына өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
2024-жылы Кыргызстан 900 миң тонна кант кызылчасынын рекорддук түшүмүн күтүүдө, бул кантка болгон муктаждыктын 92% камсыз кылат. Мындай ийги-ликке ынгайлуу шарттар, дыйкандардын аракети шарт тузду. Айыл чарба министрлиги коңшу мамлекеттерде баанын төмөндөшүн эске алуу менен кумшекердин импортун чектөөнү пландабайт, бирок жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында кырдаалга мониторинг жүргүзөт.
Кант кызылчасы кылдаттык менен кам көрүүнү жана агротехникалык эрежелерди сактоону талап кылган кирешелүү өсүмдүк. Дыйкан Мелис Кыштобаев тажрыйбасы менен бөлүшүп, туруктуу киреше алып, тармактын өнүгүшүнө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт.