Бишкекте Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев USAIDдин Кыргызстандагы жаңы директору Сара Верт менен жолугушту. Алар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн экология, айыл чарба жана билим берүү тармактарында өнөктөштүктү бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду улантуу маселелерин талкуулашты.
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусу болуп, анда эки тараптуу долбоорлор, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, ошондой эле ШКУнун алкагында боло турган иш-чаралар талкууланды. .
Кыргызстан менен Вьетнамдын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде байланыштарды активдештирүү жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.
Бишкекте КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Армениянын элчиси Армен Гевондяндын жолугушуусу болду. Саясий өз ара аракеттенүү, 2025-жылдагы өз ара сапарлар жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашышты.
КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Словениянын элчиси Дарья Бавдаж Курет жана Колумбиянын элчиси Эктор Исидро Аренас Нейра менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана түрдүү тармактарда кызматташууну талкуулады. Тараптар өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана жумушчу байланыштарды улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусу болуп, анда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу, анын ичинде Кыргызстандын ШКУга катышуусу талкууланды.