Самаркандда өткөн жашыл энергетика форумунда кыргызстандык окумуштуулар сөз сүйлөштү
Самарканд мамлекеттик университетинде жашыл энергетиканын туруктуу өнүгүүсүнө жана жогорку билим берүүнүн ааламдашуусуна арналган окумуштуулардын эл аралык форуму өттү. Катышуучулар климаттын өзгөрүшү, кургакчылык жана аймактын социалдык-экономикалык трансформациясынын көйгөйлөрүн талкуулап, аларды чечүү үчүн илимий изилдөөлөргө жана заманбап технологияларга басым жасашты. Форум Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.