
Кыргызстанда бир жумада 24 миңден ашуун жол эрежеси бузулду
Кыргызстанда 20-26-октябрь аралыгында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 24 270 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бузуулардын ичинен 3 117 учур документсиз айдоо, 399 учур мас абалда айдоо жана 3 649 учур ылдамдыкты ашыруу болду. 3 513 автоунаа айып короосуна коюлду.








