Тег аймактарды өнүктүрүү

Жогорку Кеңештин комитети Сокулук жана Жайыл райондорундагы ишканалардын иши менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Чүй облусунда көчмө жыйын өткөрүп, мекеме-ишканалардын иши жана токой чарбасынын абалы менен таанышты. Азык-түлүк коопсуздугу, кант кызылчасынын баасы жана дан сатуудагы көйгөйлөр талкууланды. Токой аянттарын кебейтууге, ишканаларда эмгек шарттарын жакшыртууга зор кецул бурулууда.

Президент Жапаров Баткен районунун Зардалы айылына барды

Президент Садыр Жапаров Зардалы айылына барып, социалдык-экономикалык жетишкендиктерди жана инфраструктуралык долбоорлордун маанисин талкуулады. Ал айылды жол салуу жана электрлештирүү иштери жүрүп жатканын айтып, ошондой эле уюлдук байланыш көйгөйлөрүн чечүүгө убада берди. Жашоочулар президенттин алгачкы иш сапарына ыраазычылыктарын билдиришти.