Нарын аэропорту ачылышка даярдыктын акыркы этабында (фото)
«Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Нарын облустук аэропортунун ачылышына даярдыгын текшерди. Комиссия эл аралык стандарттарга басым жасап, инфраструктураны, учуу тилкесин жана коопсуздук системаларын баалады. Совет доорунда негизги транспорттук түйүн болгон аэропортту кайра калыбына келтирүү алыскы аймактар менен байланышты жакшыртуу, туризмди жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган. Аэропорт Кыргызстандын транспорт системасынын маанилүү бөлүгүнө айланаары күтүлүүдө.