Мектептерде ысык тамак уюштурууга ата-энелер жана жергиликтүү бийлик жардам бере алат – БИМ
Кыргызстанда башталгыч класстар үчүн мектептердин 98% ысык түшкү тамак менен камсыз болуп, ал үчүн ар бир окуучуга бюджеттен 14 сомдон бөлүнгөн. 2006-жылдан бери тамактануунун жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча программа иштеп келет. Ата-энелер жана жергиликтүү бийлик тамактанууга кошумча каражат бөлсө болот.