Текшерүүнүн жыйынтыгында Октябрь айылындагы мыйзамсыз жеке менчикте болуп, тигүү цехи катары пайдаланылган бала бакча кайтарылды. Объекттин жалпы аянты 1236 гектарды түзөт, анын баасы 101 миллион сомдон ашык. УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилерди кайтаруу боюнча иштерди улантууда.
Ала-Бука районунда курулуш иштери бүтө электе подрядчиктердин эсебине мыйзамсыз акча которгон кызмат адамдарына карата 10 кылмыш иши козголду. Мамлекетке 56 миллион сомдон ашык зыян келтирилип, анын бир бөлүгү кайтарылып берилген.
Иссык-Кулда мыйзамсыз курулган 13 объект жок кылынды. Суусуздук, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жер жана суу көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Барскоон - Каракол мамлекеттик жолунун аймагында кичине жана ири коммерциялык курулуштардын мыйзамсыз курулушу аныкталды. Даркан, Саруу жана Кызыл-Суу айылдарында жер мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен мыйзамсыз пайдаланылган жерлер мурдагы абалына келтирилди.