
Кыргызстанда айыл чарба каттоосу башталды
Кыргызстанда 2026-жылдын 20-мартынан тартып айыл чарба эсепке алуу иштери башталат. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бул иш чара өлкөдөгү айыл чарбасынын абалы тууралуу так маалымат алуу үчүн өткөрүлүүдө. Эсепке алуу учурунда айыл чарба жерлери, эгин аянттары, мал жана куш саны, айыл чарба техникалары жана фермердик чарбалар тууралуу маалыматтар жыйналат. Натижалар мамлекеттик саясатты түзүүдө жана айыл чарба секторун өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда колдонулат.








