айылы

Кадамжай районунда жаңы бала бакча ачылды

Сырт айылында заманбап жабдуулар менен жабдылган «Чабалекей-Сырт» бала бакчасы ачылды. 130 орундуу бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, Сырт, Ынтымак жана Жаны Сырт айылдарынын балдарын кабыл алат.

Мамлекетке мыйзамсыз менчиктештирилген «Абшыр-Ата» туристтик базасынын аймагы кайтарылды.

Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында, 2006-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген «Абшыр-Ата» турбазасына таандык 8 183 кв. м жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Бакыт Торобаев Базар-Коргон районундагы ири канаттуулар фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Базар-Коргон районунда 100 миң тоок багууга ылайыкталган ири канаттуулар фабрикасы курулууда. Долбоор үч этапта ишке ашырылып, 2026-жылга чейин толук кандуу пайдаланууга берилет.

Чүй облусунда маркаланбаган күйүүчү май сакталган кампа табылды

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районундагы Бообек айылында салык кызматкерлери тарабынан рейд учурунда мыйзамсыз түрдө маркаланбаган күйүүчү майларды саткан склад табылды. 1 430 литр дизель майы мыйзамсыз жол менен республикага киргизилген. Бул боюнча актылар түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Алай районунда 100 окуучуга эсептелген жаңы мектептин курулушу аяктады.

Ош облусунун Алай районундагы Аскалы айылында республикалык бюджеттин эсебинен курулган жаңы мектептин курулушу аяктады. 100 окуучуга ылайыкталган бул заманбап эки кабаттуу мектеп 736 чарчы метр аянтты ээлейт.

Нарын облусунда сафлор майын өндүрүүчү цех ачылат.

Чолок-Кайын айылында сафлор майын өндүрүүчү чакан ишкана ачылып, күнүнө 200 литр май чыгарат. Сафлор жергиликтүү дыйкандардан сатып алынат. Бул ишкана үч жумуш орунун түзүп, жергиликтүү тургундарды сапаттуу май менен камсыздайт.