
Чүй облусунда Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды.
Аламудун районунун Кой-Таш айылында 27-сентябрда дарыяга түшүп кеткен кыздын сөөгү табылды. 1997-жылы туулган кыз Аламудун дарыясынын жээгинде жуунуп жатып, сууга кулап кеткен. 1-октябрда анын сөөгү МЧС жана милициянын биргелешкен аракеттери менен табылды.








