Ак-Босого жаңы конушунда жолго асфальт төшөө иштери аяктап, эскилиги жеткен үстүн түшүрүү, бордюрларды орнотуу иштери жүргүзүлдү. Окуучулардын коопсуздугу үчүн тротуар да оңдолуп бүттү. Жакынкы аралыкта жол сызыктарын түшүрүү жана белгилерди орнотуу пландалууда.
Бишкекте көчөдө жүргөн жана иштеген балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө кароосуз калган 12 жашы жете элек өспүрүм жана 4 иштеген бала табылган. Мындан аркы профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протоколдор түзүлдү.
Бишкекте Калыс-Ордо жана Ак-Босого конуштарында эки бала бакчанын курулушу аяктады. Эки объект тең 2024-жылдын октябрына пландаштырылган ачылышка дээрлик даяр. Бакчалар 140 орунга ылайыкташып, балдардын жайлуу эс алуусу үчүн зарыл болгон бардык нерселер менен жабдылган.