
Ошто президенттин тапшырмасы боюнча Ак-Буура дарыясын тазалоо уланууда, ӨКМ башчысы иштин жүрүшүн текшерди
Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Ак-Буура дарыясын тазалоо иштери улантылууда. Чрезвычайдык кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 22-мартта иш сапары менен келип, тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышкан. Министрлик тарабынан 17 чакырым узундуктагы дарыянын жээгин толук тазалоо пландалууда, бул үчүн бардык зарыл күчтөр жана атайын техникалар тартылган.








