Тег АКА Банк

Акылбек Жапаров Мюнхенде АКА Банктын башкаруучу директору менен жолугушуу өткөрдү

Мюнхенде Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров АКА-Банктын башкаруучу директору Марк Венчик менен жолугушту. Кыргыз-герман бизнес форумунун жыйынтыгы жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу пландары талкууланды. Венчик банктын Кыргызстандын экономикалык демилгелерин колдоого даяр экенин баса белгилеп, тараптар өз ара пайдалуу долбоорлордун үстүндө биргелешип иштөөнү макулдашты. Жапаров Венчикти мындан аркы кызматташуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.