Ош шаарында мыйзамсыз акча алмаштыруу фактысы боюнча 13 жаранга айып салынды
Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзамсыз акча алмаштыруучу 13 жаранга айып пул салды. 2024-жылдын 28-августунан 30-августуна чейин жүргүзүлгөн рейдде көзөмөл өткөрүү жайларында жана Ош облусунун аймагындагы лицензиясыз операциялар аныкталган. Ар бир тартип бузганга 17500 сомдон айып пул салынган.