Тег акчалай

Кыргызстандын жарандарынын кирешесинин өсүшү

2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын калкынын номиналдуу акчалай кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 24%га өсүү менен 458 млрд сомго жетти. Реалдуу киреше 435,6 млрд сомду түзүп, 18%га жогору, ал эми калктын жан башына эсептегенде колдогу киреше айына 11095,4 сомго өсүп, 20,3%га өстү. Кирешенин негизги бөлүгү (70,7%) жумуштан түшкөн.

Батир жана 300 миң сом: мугалимдер арасындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрү

Бишкекте Кыргызстандын мыкты мугалимдерине жана билим берүү кызматкерлерине грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Ош шаарындагы математика мугалими Назгүл Каныбекова батирдин ээси болсо, жылдын мыкты мугалими Махабат Калмаматова 300 миң сом алды. Башка көптөгөн мугалимдерге да ар кандай предметтер боюнча жетишкендиктери үчүн 300 миң сомго чейинки сертификаттар тапшырылды.

Бишкекте Париж олимпиадасынын жеңүүчүлөрү сыйланды: бир видео

13-август Эски аянтта Париж олимпиадасына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи өттү. Олимпиада командасынын мучолору 500 минден 1 миллион сомго чейин акчалай сыйлык алды, кумуш медаль ээлери 10 миллион, коло медаль ээлери 7 миллион сом алды. Ошондой эле, бардык спортчуларга унаа белекке берилди. Машыктыруучу жана медициналык кызматкерлер дагы сылыкка ээ болушту.