Тег акциялар

Токмоктогу «Железобетон» ачык акционердик коомуна мамлекет тарабынан 5,8 миллиард сомго көзөмөл калыбына келтирилди

Токмок шаарындагы 5,8 миллиард сомго бааланган «Железобетон» ААК 40% акциясын муляждарга мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары аныкталгандан кийин мамлекетке кайтарылган. Негизги акционер объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берген. Мыйзамсыз менчиктештирилген башка мүлктөрдү кайтаруу иштери уланууда.

Мамлекет «Кыргызнефтегаздын» мурдагы жетекчилиги сатып алган акцияларынын бир бөлүгүн арзандатылган баада кайтарып алды.

Бишкекте мурдагы жетекчи арзандатылган баада сатып алган “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Б.Р.А. кызмат абалынан пайдаланып, миноритардык акционерлерден 383 миң 590 акцияны сатып алган. 65 миллион сомдон ашык суммадагы акциялар мамлекетке кайтарылып берилген.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын 19,7 миллиард сомго чейин көбөйттү

Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын 19,7 миллиард сомго чейин көбөйтүп, 1 миллион жаңы акция чыгарды. Каржы министрлиги банкка толук ээлик кылып, капиталдын 100%ын көзөмөлдөйт.