Тег аккредитациясы

Жашыл Климат Фонду Кыргызстан менен өнөктөш болууга кызыкдар экенин билдирди

Бакуда өтүп жаткан БУУнун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясында Кыргызстандын айлана-чөйрөнү коргоо министри Медер Машиев Жашыл климаттык фонддун өкүлү менен өлкөнүн климаттык максаттарына жетүү үчүн долбоорлорду кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Ал туруктуу өнүгүү үчүн ресурстарды натыйжалуу тартууга мүмкүндүк берүүчү долбоорлордун санына чектөөлөрдү кайра карап чыгуу зарылдыгына токтолду. Генри Гонсалес Кыргызстандын демилгелерин колдоорун билдирип, айыл чарба жана суу коопсуздугу сыяктуу каржылоонун негизги багыттарын баса белгиледи.