Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштурууга кеткен чыгымдарды жарыялады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерди шайлоонун сметасын бекитти. Шайлоону уюштурууга жана шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгүнө кеткен каражаттарды кошкондо жалпы чыгашалар 495,7 миллион сомду түзөт. Процессти камсыз кылуу үчүн 37 миң адам тартылып, ар бир шайлоочуга 120,46 сомдон каралган. Ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн каржылоо банктар аркылуу берилет.