Кыргызстандын ИДПсынын өсүүсү уланып жатканын ЕӨБ билдирди
Кыргызстанда 2024-жылдын январь-сентябрь айларында ИДПнын өсүшү курулуш, ички соода жана айыл чарбанын эсебинен 8,4%га чейин тездеди. Реалдуу эмгек акынын жана акча которуулардын өсүшү керектөө активдүүлүгүн колдоого алып, өнөр жай өндүрүшү 4,2%га өстү. ЕӨБ өлкөлөрүндө да туруктуу экономикалык өсүш жана инфляциянын төмөндөшү байкалууда.