Тег акылдуу

Президент “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча жарлыкты бекитти

Президент Садыр Жапаров “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койду. Ички иштер министрлиги координациялоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп, анын карамагына «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык системасы өткөрүлүп берилет. Жарлык ошондой эле системанын иштешин жана заманбап технологияларды колдонуу менен катталган укук бузууларды кароону камсыз кылуу боюнча чараларды камтыйт.