Тег Аль

Өзбекстан Кыргызстандан товар импорттоого кызыкдар

Өзбекстанда Кыргызстандын бизнес-делегациясынын «Фуд Сити» дүң соода борборунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп, анда Кыргызстандын азык-түлүктөрүн, анын ичинде мөмө-жемиштерди, эт жана сүттү жайгаштыруу жана жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Делегация ошондой эле жергиликтуу колбаса жана балык чарба заводдорунун ендуруштук базалары менен да таанышты. Фуд Сити - соодагерлерге жана тамак-аш кайра иштетүүчүлөргө ар кандай кызматтарды сунуш кылган өлкөдөгү эң ири дүң базар.

Эр-Риядда өткөн роудшоуда Кыргызстан туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү

Эр-Риядда Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен Silk Way Travel жана Al Jazeera Airways авиакомпаниялары тарабынан уюштурулган туристтик роудшоу өттү. Элчи У.Марипов өлкөнүн экономикасы үчүн туризмдин маанилүүлүгүн, ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. Иш-чарага кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар болгон 19 туристтик компания катышты.

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү БАЭде таанылат

2024-жылдын аягына чейн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары аралында айдоочулук куболуктоолорду оз ара таанытуу жана алмашуу боюнча меморандумга кол койулат. Бул келишим жол коопсуздугун камсыздап, эки олконун жарандарына женилдиктерди сунуштайт.