Бишкекте кыргыз-сауд кызматташтык комитетинин IV жыйыны өттү
Бишкекте Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Сауд Аравиянын айыл чарба министри Абдурахман Аль-Фадлинин жолугушуусу болду. Эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланып, айыл чарба тармагына, энергетикага жана туризмге басым жасалды. Тараптар сооданы көбөйтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти, ошондой эле кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн дыкат изилдөө үчүн жумушчу топторду түзүүнү сунушташты.