Тег альтернативдик жол

Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү тоннелдин курулушу аяктап жатат

Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү тоннелдин курулушу 1-декабрда аяктайт. Анын узундугу 3890 метрди, туурасы 10,6 метрди түзөт. Тоннелдин ичинде асфальт-бетон төшөө, жарыктандыруу системаларын орнотуу иштери дээрлик аяктап калды. Кире бериштин алдына асфальт төшөө иштери аяктап, кар көчкү түшүү коркунучу бар жерлерди бетондоо иштери уланууда. Иштин сапаты консультант тарабынан көзөмөлдөнөт. Жалал-Абаддан Балыкчыга чейинки альтернативалык жол 433 чакырымга созулат.