
Эмгек министрлиги эскертет: 7-ноябрь — иш күнү.
Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарга 7 жана 8-ноябрда белгиленүүчү тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө иш убактысы бир саатка кыскартыларын эскертти. Ал эми 8-ноябрь (ишемби) алты күндүк иш графиги менен иштегендер үчүн иш күнү болуп саналат, беш күндүк жумалыкта иштегендер үчүн эс алуу күнү бойдон калат.







