Тег алтын кени

Нарындагы Солтон-Сары кенинде алтын өндүрүүчү фабрика ишке кирди

Кыргызстандын Нарын районундагы Солтон-Сары кенинде кыргыз-кытай Zhong Ji Mining компаниясы курган алтын өндүрүүчү фабрика ишке кирди. Долбоор жергиликтүү тургундар менен социалдык кызматташууну жана жерге келтирилген зыянды азайтууга багытталган экологиялык чараларды камтыйт. 12 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылып, негизинен жергиликтүү калктан 350 адам жумуш менен камсыз болду.

Баткендеги 50 миллион долларлык алтын кени мамлекетке кайтарылды.

Баткен районундагы 50 миллион доллардан ашык "Апрелское АЗИ" алтын кени мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин арам акчаны адалдоого жана уюшкан кылмыштуулукка байланыштуу иликтөөсүнүн аркасында мүмкүн болду. Кендин запасы болжол менен 10 тонна алтын жана 15 тонна күмүш.