Тег Алтынбек Кылычбаев

Сузак районундагы кезексиз шайлоонун жыйынтыгы боюнча Алтынбек Кылычбаев алдыңкы орунда турат

Борбордук шайлоо комиссиясы No13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын тааныштырды. 81 шайлоо участкасынан алынган маалыматка караганда, Алтынбек Кылычбаев 48,32% добуш менен алдыда келе жатат, Медербек Сапарбаев менен Жыргалбек Сейдахматов экинчи орунда. Акыркы жыйынтыктар кол менен саноодон кийин аныкталат.