Кыргызстандан 30 миллион сомдук алтынды мыйзамсыз алып чыгуу аракети УКМК тарабынан аныкталды
Бишкекте 30 миллион сомдон ашык алтын куймаларын мыйзамсыз алып чыгуу токтотулду. Кең-Булуң постунан документтери жок 3,3 кг алтын сакталган кассасы бар унаа кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.