
Амангельдиев: Салык кызматын кайра уюштуруу анын натыйжалуулугун жогорулатат
Бишкек, 22.07.25. Биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев Мамлекеттик салык кызматын Алмамбет Шыкмаматов менен тааныштырды. Салык кызматы Финансы министрлигинен бөлүнүп, өкмөттүн курамына өз алдынча орган катары киргизилди. Бул кадам бюрократияны оптималдаштыруу жана салык органдарынын ишин жакшыртуу максатында кабыл алынган. Шыкмаматов салык кызматын өнүктүрүүгө жана көзөмөлдөөгө бардык күчүн жумшай турганын билдирди.








