
Кыргызстандын жаштар курамасы Азия чемпионатында бокс боюнча медалдарды жеңип алды.
Кыргызстандык жаштар курамасы Азия чемпионатында ийгиликтүү катышып, 2 күмүш жана 5 коло медалдарды жеңип алышты. Медал ээлери: Зубаир Акрамов (57 кг), Азирерхан Майрамбеков (66 кг) күмүш, Ризван Исаев (54 кг), Улан Майрамбеков (70 кг), Адеми Ыбышева (33 кг), Акмарал Амантаева (50 кг), Ширин Турсалиева (57 кг) коло. Кураманы башкы машыктыруучу Рустам Есенкулов жана улук машыктыруучу Айбек Байсаяков жетектеди.