Кыргызстан менен Жапония энергетика тармагында кызматташууну баштайт
Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Японияга иш сапары менен барып, Япониянын экономика министри Кен Сайто менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Келишим жашыл энергетика, анын ичинде кайра жаралуучу булактар жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган.