
Ана-Кызыл айылында 275 орундук жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Ана-Кызыл айылында жаңы мектеп ачылып, ал 275 окуучуга ылайыкташтырылган. Мектептин курулушу 2024-жылы башталып, заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имаратта спорт зал, информатика, физика жана химия кабинеттери, китепкана, концерт залы, ашкана жана заманбап окуу-техникалык жабдуулар бар. Жаңы мектептин курулушу 176 миллион сомго бааланган жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган.
