Билим берүү министрлигинин башчысы АКШнын элчиси менен жолугуп, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
Бишкекте билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева АКШнын элчиси Лесли Вигери менен билим берүү долбоорлору боюнча кызматташууну, анын ичинде USAIDдин “Окуу Керемет!” программасын талкуулады. Жаңы окуу-методикалык комплекстер жана англис тили мугалимдеринин квалификациясын колдоо маселелери талкууланды. Негизги максат – Кыргызстанда англис тилин өнүктүрүү.