Тег англис

Балыкчыда жаңы жаштар борбору курулду

Балыкчы шаарында жаштар борборунун курулушу аяктады. Иссык-Куль облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган борбор, жаштарга коопсуз жана пайдалуу мейкиндикти камсыздайт. Бул жерде англис тили, математика сабактары, волонтёрдук, дебаттык жана экологиялык клубдар иштейт. Жаштардын социализациясын колдоо, коомдук демилгелерди өнүктүрүү жана активдүү жарандык катышуусун камсыздоо максатында иш алып барылат.

Стамбулда Камбаратин ГЭС-1дин айлана-чөйрөгө тийгизген таасири талкууланат

Энергетика министрлиги Камбаратин ГЭС-1 долбоорунун экологиялык жана социалдык баалоо документтерин эл аралык деңгээлде талкуулоого чакырат. Консультациялар 4-5-ноябрда Стамбулда өтөт. Каттоо 3-ноябрга чейин ачык.

Кыргызстанда так илимдери жана англис тили мугалимдерине 26,5 миң ноутбук таратылды

Кыргызстанда 26,5 миң так илимдер жана англис тили мугалимдери "Алтын Казык" программасынын алкагында ноутбуктар менен камсыз болду. Бул санариптештирүү процессинин бир бөлүгү болуп саналат.

Министрдин орун басары мектеп китептеринин жетишсиздиги качан чечилерин айтты

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Кийинки үч окуу жылында өлкө боюнча окуу китептеринин жетишсиздиги чечилет. Англис тили боюнча 3-9-класстар үчүн китептер толугу менен чыгарылып, мектептерге жеткирилди. 1-2-класстар үчүн математика жана жаратылыш таануу китептери, ошондой эле 5-7-класстар үчүн китептер акыркы иштеп чыгуу стадиясынан өтүүдө жана басмага жөнөтүлөт. Жалпы саны 640 миң нуска.

Кыргызстанда 30 миңден ашуун мугалим 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча окутулат.

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү алкагында 30 030 мугалим жаңы окуу китептери боюнча окутулат. Окутуу үч этапта жүргүзүлөт, ал эми 241 мастер-тренер эл аралык адистер тарабынан даярдалды.

Жеке мектептерде баа жогору, сапаты кандай?

Ата-энелердин жеке мектептерди тандашы балдардын сапаттуу билим алуусун, келечегин камсыздоону жана заманбап шарттарга жеткиликтүүлүктү көздөйт. Кыргызстанда жеке мектептердин саны 224кө жетип, көбү Бишкек жана Чүй облусунда жайгашкан. Жеке мектептерде класстар кичине болуп, ар бир балага өзгөчө көңүл бурулат. Окуу акысы ар түрдүү, айына 8 миңден 200 миң сомго чейин. Окуу программалары ар кандай, анын ичинде эл аралык жана инновациялык методдор колдонулат. Жакында жеке мектептерге лицензия алуу процедурасы жөнөкөйлөтүлдү.

Жаңы окуу китептерине алгачкы жолу 744 миллион сом бөлүндү – билим берүү министри.

Президенттин тапшырмасы менен 744 миллион сом бөлүнүп, жаңы муундагы окуу китептери чыгарылууда. 1–2 жана 5–7-класстар жаңыланган программалар менен окушат. Үч жылдан кийин бардык окуучулар окуу китептери менен камсыз болот.