Бишкекте таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргыткан жарандар айып пул алышты
Бишкекте муниципалдык инспекция таштандыларды белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз сактаган бир нече адамга айып пул салды. Текшерүүлөрдө санитардык нормалардын бузулушу, анын ичинде курулуш таштандыларын жайгаштыруу жана антисанитардык абал аныкталган. Инспекция жарандарды тазалыкты сактоого чакырат.