Тег аптека

Бишкектин Ош базарында күчтүү таасир этүүчү баңги заттарды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги менен милициянын биргелешкен рейдинин жыйынтыгында Бишкектеги Ош базарында күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Операциянын жүрүшүндө дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген ишкерлер кармалып, кызматкерлерге кол салуу фактысы катталган. Бир топ өлчөмдө тыюу салынган дары-дармектер алынып, айып пул салынып, тергөө амалдары уланууда.

Бишкекте жаңы мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ишке кирди

Бишкекте 19-мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылып, анда 2500дөн ашык дары-дармектердин түрү сунушталууда. Дары-дармектердин баасы жеке дарыкана түйүндөрүнө салыштырмалуу 10-20% арзан, ал эми жеңилдетилген рецепттерде арзандатуу 100%га жетет. Дарыканалардын ачылышы калктын дары-дармек менен камсыз болушун жакшыртууга багытталган.