Бишкекте жасалма арак чыгарган цех аныкталды
Бишкекте жасалма спирт ичимдиктерин чыгарган мыйзамсыз цех аныкталды. 120 бөтөлкө жасалма арак жана 114 жасалма акциздик маркалар алынган. Материалдар тергөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Салык кызматы салык маркасы жок продукцияны сатуу кесепеттерин эскертет.