Бишкек Баткенге 10 троллейбус өткөрөт
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев облустун 25 жылдыгына карата Баткен облусуна барып, жергиликтүү тургундарды куттуктап, 10 троллейбус белек кылды. Облустун өзгөчө статусу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууда жана жаңжалдан келтирилген зыянды баалоодо сиңирген эмгеги «Баткен облусунун ардактуу атуулу» төш белгиси менен белгиленди.