Тег ART-ORDO

Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры эл аралык кызматташууну кеңейтүүдө

Бишкек шаарындагы Б. Кыдекеев атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Акылбек Алыбаев театрдын эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү пландары жана гастролдору тууралуу айтып берди. Театр быйыл чет элдик фестивалдарга активдүү катышып, келечекте эл аралык иш-чараларды өткөрүүнү максат кылууда.

Бишкекте «Art-Ordo – 2025» фестивалы: тогуз спектакль жана акысыз кирүү.

Бишкекте өтө турган «Art-Ордо – 2025» эл аралык театр фестивалында коңшу өлкөлөрдүн артисттеринин катышуусунда 9 спектакль көрсөтүлөт. Фестивалдын ачылышы 20-октябрда Кыргыз улуттук академиялык театрында өтөт. Спектаклдердин катарына «Эне», «Илегилек» жана «Чиркин өмүр» кирет. Кирүү акысыз.

Эл аралык театр фестивалдары өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды чыңдайт – Озубеков

Маданий алакаларды чыңдаган «Art-Ordo» эл аралык театр фестивалы ар эки жылда өткөрүлүп, ар кайсы өлкөлөрдүн улуттук спектаклдери менен таанышууга жана артисттердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзөт.

Ошто XIII Республикалык театр фестивалы өтүүдө

Ош шаарында XIII Республикалык театр фестивалы 15-20-сентябрда өтөт. Бул иш-чарада 20дан ашуун спектакль коюлуп, ал Кыргызстандын бардык театрларын бириктирет. Фестиваль пандемиядан кийин биринчи жолу өтүп, театрдагы жаңы тенденцияларды жана өнөр сапатын баалоого мүмкүнчүлүк берет. Жеңүүчүлөр октябрда өтүүчү ART-ORDO фестивалына катышууга тандалат.