Кыргызстанда сырттан добуш берүү өтүүдө
Кыргызстанда 16-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо сырттан добуш берүү болот. Борбордук шайлоо комиссиясы 9538 арызды каттады, анын ичинен 3746сы карылардан, 1979у майыптардан, 3145и оорулуулардан. Добуш берүү өлкө боюнча 1129 шайлоо комиссиясында жүргүзүлүүдө.