Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялар өттү
Бишкекте кыргыз-орус саясий консультациялары өтүп, анда дипломатия жана экономика сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптар жолугушуулардын календарын жана 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасын макулдашты.