Тег асфальт-бетон

Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү тоннелдин курулушу аяктап жатат

Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү тоннелдин курулушу 1-декабрда аяктайт. Анын узундугу 3890 метрди, туурасы 10,6 метрди түзөт. Тоннелдин ичинде асфальт-бетон төшөө, жарыктандыруу системаларын орнотуу иштери дээрлик аяктап калды. Кире бериштин алдына асфальт төшөө иштери аяктап, кар көчкү түшүү коркунучу бар жерлерди бетондоо иштери уланууда. Иштин сапаты консультант тарабынан көзөмөлдөнөт. Жалал-Абаддан Балыкчыга чейинки альтернативалык жол 433 чакырымга созулат.

Ысык-Көлдүн айланма жолун реконструкциялоо иштери уланууда

Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо долбоору 2024-жылдын апрель айынан бери жигердүү ишке ашырылып, ишти 2027-жылдын март айына бүтүрүү пландалган. Башкы подрядчик 276 техниканы жана 526 жумушчуну мобилизациялады. Учурда жер казуу, көпүрөлөрдү куруу, коммуникацияларды реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Маршрут 14 калктуу пунктту аралап, жалпы узундугу 44,9 кмге жакынды түзөт. Асфальт-бетон төшөлмөсүн фрезерлөө технологиясын колдонуу жолдун эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн жакшыртууга багытталган.