Тег аспирантура

Бакай Маканбаев ЕЭКтин протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору болуп дайындалды

Бакай Маканбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору болуп дайындалды. Ал 1993-жылы туулган, Кыргыз-Орус Славян университетин жана Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган. 2018-жылдан бери бул комиссияда ар кандай кызматтарды аркалап, протокол бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Үй-бүлөлүү, уулу бар.