Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу 2024-жылдын 6-ноябрынан 2025-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылат. Мындай чечимди КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана адамдарды коргоо максатында кабыл алды.
Нарын облусунун Ат-Башы районуна бажы-логистикалык комплексин куруу пландалууда. Улуттук инвестиция агенттиги менен Мамлекеттик бажы кызматы объектти долбоорлоого жана эксплуатациялоого сынак жарыялаган. Арыздар 2024-жылдын 29-ноябрына чейин кабыл алынат.
Социалисттик Эмгектин Баатыры, мал чарбасынын эмгек сиңирген устаты Орозакун Мамбетакунов 14-августта 84 жашында каза болду. Кыргызстандын айыл чарбасында олуттуу из калтырып, көп балалуу, кадыр-барктуу инсан болгон.