Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргызиндустрия» ААКтын иши менен таанышты
“Ишеним” парламенттик фракциясы “Кыргызиндустрия” ААКда болуп, ишке ашырылып жаткан 20дан ашык долбоорлор менен таанышты. Депутаттар өнөр жайды өнүктүрүү, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана жаңы рынокторго чыгуу үчүн мамлекеттик колдоо жана инвестиция тартуу зарылдыгын талкуулашты.