Тег аткезчилик

Кыргызстан менен Австрия курал-жарак жана ок-дарылардын запастарын коопсуз башкаруу боюнча кошумча иш-чара өткөрүштү

Венада Кыргызстан менен Австрия уюштурган курал-жарак жана ок-дарылардын запастарын коопсуз башкарууга арналган кошумча иш-чара өттү. Кыргызстандын Туруктуу өкүлү Т.Макеев мыйзамсыз курал-жарак жүгүртүүгө каршы күрөштө өлкөнүн жетишкендиктери менен тааныштырып, жарандарды коргоо жана экологиялык коркунучтарды азайтуу үчүн эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргызстан жарым жылга тамеки ташууга тыюу салуу ниетинде

Кыргызстан жарандардын ден соолугун коргоо жана аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн жарым жылга тамекилерди ташып келүүгө жана транзитине убактылуу тыюу салууну пландоодо. 2023-жылы 65 миң кутудан ашык тамеки мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынып, контрафакттык продукциянын үлүшү 17,7%га жеткен.