Тег атмосфера

Жарандардын кайрылууларынын негизинде экологиялык нормаларды бузган ишканаларды текшерүү жүргүзүлөт

Дмитриевка айылындагы «Веролит» ЖЧКсынын майдалоочу цехин пландан тышкаркы текшерүүдө экологиялык одоно мыйзам бузуулар, анын ичинде таштандыларды чыгарууга уруксат кагаздары жок экендиги аныкталган. Натыйжада ишканага 28 миң сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган. Экология министрлиги экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн жарандарды мыйзам бузуулар тууралуу активдүү билдирүүгө чакырат.